Элегия (гр. – арыз кылуу) – автордун ички кайгысын, санаасын билдирүүчү лирикалык ырлар. Байыркы Рим акындарынын ырларында мындай мотивдер болуп, аларда адамдарды, жерди сүйүү, жарандык, баатырдык сезимдер ырдалган. Кийин элегияларда жалаң гана жеке адамдын кайгысы баяндалып калды. Орус адабиятында Н. М. Карамзин К. И. Батюшков, В. А. Жуковский, А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов сыяктуу акындар элегияларына философия ойлорду киргизе алышты. Совет адамдын коомдук кайгысы жок делип, мындай ырлар көбүнчө өлүм, оору, сүйүү кайгысына ж. б. ар түрдүү турмуштук трагедияларга карата жазылып, буларда оптимисттик дух басымдуулук кылган, ансыз андай ырлар цензурадан өткөн эмес. Мисалы,
Сен томсоруп жапыз жерде жүргөндө,
Менин турган бийиктигим курусун.
Көңүл көптөн түңүлгөн бир күндөрдө,
Көздөн учуп, эңсейт адам курбусун.

Атаганат, ак нур төккөн бир кезде,
Сен мойнуңа мончок кылып тагынар.
Көөдөн кысып зарыктырган көп кечтер,
Ак шам болуп сага түндө жагылар...
Атаганат, жылдар өтүп олтуруп,
Кайсыл чектен жолугары билинбей.
Сен көрүндүң бөксө өмүрдү толтуруп,
Эрте жаздын эң алгачкы гүлүндөй.

Атаганат, токуп минип аргымак,
Бурганакта жал-куйругун сапырып,
Түндө туруп ким кайрылып келе алмак,
Ашуу ашкан күндөрдү айдап жапырып.

(О. Султанов).

Колдонулган адабияттар

түзөтүү