Электрондук жана Иондук оптика
Электрондук жана Иондук оптика – электрондордун жана иондордун калыптанышы, фокусталышы жана четтөөсү каралуучу, о. эле вакуумда электр-магнит талаасынын аракети менен сүрөттөлүш алынуучу физиканын бөлүмү.
Электрондук жана иондук сүрөттөлүш люминесценттүү экранда жана фотокатмарда көрсөтүлөт. Электрондордун багыттуу агымы иондун агымына караганда иш жүзүндө кеңири пайдаланылат. “Электрондук оптика” (Э.о.) термини көп таралган. Э.о-нын жаралышы 19-кылымдын акырындагы электрон-нур түтүгү (ЭНТ) менен тыгыз байланышкан. Биринчи осциллографтагы ЭНТдө электрондун агымы магнит талаасында кыйшайган. Электр-статикалык талаада заряддалган бөлүкчөлөрдүн кыйшаюусун магнитте Ж.Ж.Томсон пайдаланган. 1899-ж. Э.Вихерт ЭНТ дө электрон агымынын фокусталышын колдонгон. 1926-ж. Х.Буш магнит талаасында заряддалган бөлүкчөлөрдүн кыймылын карап, ал электрондук оптикалык сүрөттөлүштү алууга боло турган электрондук линзаны (Электрондук линза) атаган. Э.л-ды андан ары жакшыртуу менен электрон микроскобу, электрондук оптикалык өзгөрткүч ж.б. куралдар жаралды. Электрон агымы менен катар ион агымын изилдөө ион оптикасын (Иондук оптика) түзүүгө алып келди. Электрондук жана иондук оптиканын арасында принциптүү айырмачылыктар жок. Талаадагы электрондор менен иондордун кыймылы бирдей эле теңдемелер менен жазылат. Электрондордун люминесценттүү экранда бөлүштүрүлүшү оңой байкалуу менен электрон-нур приборлорунун кеңири таралышына көмөк түздү.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0