Электрондук окутуу – жаңы электроника жана кагазсыз информатикалык каражаттардын жардамы менен окутуу. Электрондук окутууну негизги эки түргө бөлөбүз:

  • 1. Рецептикалык («рецепция» сөзүнөн алынган) – телевидение, аудио же видеомагнитофондо жазылып, ТСОнун жардамы менен берилген билимдерди өздөштүрүү жана кабыл алуу.
  • 2. Интерактивдүү («өз ара аркеттешүү» сөзүнөн алынган) – окуучу жана окутуучу тутумдун адам жана машина калыпындагы диалогдук өз ара аракеттенишүүсү.

Электрондук окутуунун жетилген интерактивдүү тутуму компьютерден, түстүү телевизордон, видеодискалык аппараттардан турат. Бул тутумда окууда окуучулар жазылган жагдайынын активдүү катышуучусу болуп калышат жана компьютердин жардамы менен анын өсүшүнө (чыгышына) жана жыйынтыгына (натыйжа) таасир берет. Космонавттар, учкучтар, танкисттер, автомобиль айдоочулар ушул сыяктуу тутумда даярдык алышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004