Электрондук проектор – катуу нерселердин бетинин сүрөт-төлүшүн 105–106 эсе чоңойтуучу линзасыз электрон-оптикалык курал – автоэлектрондук микроскоп.

Электрондук проекторду 1936-ж. нем. физиги Э.Мюллер ойлоп тапкан. Электрондук проектордун негизги бөлүктөрү: учунда чекиттик эмиттери бар зым түрүндөгү катод, түбү люминофор менен капталган сфера же конус түрүндөгү айнек идиш, анод болсо колбанын бетиндеги өткөргүч катмар түрүндө же зым шакек түрүндө болуп, катодду курчап турат. Колбадагы аба (~10-9–1011 сым. мам. ммге чейин) сордурулуп вакуум алынган. Анодго бир нече миң вольтко барабар оң чыңалуу берилгенде, катоддун учундагы эмиттерге жакын жердеги чыңалыш 107–108 В/смге жетет. Бул болсо эң күчтүү автоэлектрондук эмиссияны камсыз кылат. Учуп чыккан электрондор катоддун учунан радиалдуу багытта ылдамдануу менен таралып экранга келип тийет да люминофорду жаркыратат жана экранда катоддун бетинин чоңойтулган даана сүрөттөлүшүн пайда кылат. Автоэлектрондук сүрөттөлүштүн дааналыгы эмиттердин бетинин крис-таллдык түзүлүшүнө көзкаранды болгон эмиссиялык токтун тыгыздыгына жараша болот. Электрондук проектордун ажыратуу чеги (2–3)⋅10-7 смге жетип, атомдорду ажырата албайт.

Ад.: Хокс П. Электронная оптика и электронная микроскопия. Пер. с англ.– М.: 1974; Полулях К.С. Электронные измерительные приборы.– М.:1966.

Колдонулган адабияттар түзөтүү