Электрондук эмиссия – конденсацияланган чөйрөнүн бетинен электрондордун учуп чыгышы.

Сырткы таасирдин натыйжасында заттын электрондорунун энергиясы потенциалдык барьерден ашык болгондо алар заттан бөлүнүп учуп чыгышат. Нерсени ысытканда (термоэлектрондук эмиссия), электрондор менен нерсенин бетин урдурганда (бомбалаганда), иондор менен урдурганда (иондук-электрон эмиссия) жана электр-магниттик нурлар менен таасир эткенде (фотоэлектрондук эмиссия) Электрондук эмиссия пайда болот. Электрондук эмиссияны изилдөө үчүн нерсенин бетин жакын жерде эмиссияланган электрондорду беттен алыстатуу үчүн электр талаасын түзүү керек. Өтө күчтүү электр талаалары (~5⋅107В/см) автоэлектрондук эмиссияны пайда кылат. Бул эмиссия эмиттердин (заттын) бетиндеги майда урчуктарды тез талкалап, тыгыз плазманы пайда кылат. Плазма менен эмиттердин өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжасында Электрондук эмиссиянын тогу чукул чоңоюп, жарылуучу Электрондук эмиссияны пайда кылат.

Ад.: Жигарев А.А. Электронная оптика и электроннолучевые приборы. –М.:1972; Кельман В.М., Явар С.Я. Электронная оптика.– Л.:1968.

Колдонулган адабияттар түзөтүү