Электронограф – электронография методу менен катуу заттардын атомдук түзүлүшүн жана газдардын молекулаларын изилдөөчү курал.

Электронограф –вакуумдуу курал болуп, электрон шооласын пайда кылуучу бөлүгү электрондук микроскоптукуна окшош. Ысытылган вольфрам зымынан чыккан электрондор жогорку чыңалууда ылдамдатылат. Диафрагмалар жана магнит линзалары менен ичке электрон нуру түзүлүп, атайын камерадагы изилденүүчү объектиге жиберилет. Объектиден чачыраган электрондор фотокамерага түшүп, фотопластинкада (же экранда) дифракциялык сүрөттөлүш (электронограмма) пайда болот. Электронографта ысытуучу, муздатуучу, үлгүнү (образецти) бууландыруучу, аны деформациялоочу ж.б. түзүлүштөр болот. Электронографтын А ажыратуу жөндөмдүү-лүгүнүн миңден бир үлүшүнө чейин жетип, ал электрондордун энергиясынан электрондук нурдун (шооланын) туурасынан кесилишине жана объектиден экранга чейинки аралыкка көзкаранды болот. Азыркы кездеги Электронографтын башкаруусу автоматташтырылган.

Ад.: Вайнштейн Б.К. Структурная электронография.– М.:1956.

Колдонулган адабияттар түзөтүү