Электронография – электрондордун дифракциясына негизделип заттардын структурасын изилдөөчү метод.

Электронографиялык изилдөө атайын куралдар – электронограф жана электрондук микроскоп аркылуу жүргүзүлөт. Кристаллдардын атомдук структурасын түрдүү заттардын беттерин, молекулалардын түзүлүшүн ж.б. изилдөөлөрдө колдонулат, Электронографиянын физикалык негизи – электрондордун дифракциясы. Толкундук касиетке ээ электрондор зат аркылуу өткөндө атомдор менен өз ара аракеттешет да дифракцияга дуушар болот. Дифракцияланган нурдун интенсивдүүлүгү жана жайланыш тартиби изилденүүчү заттын атомдук структурасына жараша болот. Электронографтарда жана электрондук ми-кроскоптордо ылдамдатылган электрондун ичке агымы түзүлүп ал изилденүүчү объектиге жиберилет. Объект аны чачыратып (чагылдырып) дифракциялык сүрөттөлүштү (электронограмманы) пайда кылат. Сүрөттөлүш фотоплёнкага тартылат, же электрондук түзүлүш менен катталат. Электронография - методу менен көбүнчө майда кристаллдык заттардын атомдук структурасы изилденет. Электронографиянын жардамы менен о. эле дефекттүү кристалл-дардын структурасы да изилденет. Жука катмардын, айрыкча эпитаксиялык жол менен алынган катмардын структурасын изилдөөдө Электронография эң сонун натыйжаны берет.

Ад.: Вайнштейн Б.К. Структурная электроно-графия.– М.:1956; Пинскер З.Г. Дифракция электронов.– М.–Л.:1949.

Колдонулган адабияттар түзөтүү