Электрон-көңдөйчөлүү өтүү

Электрон-көңдөйчөлүү өтүү – (p-n-өтүү) электрондук n-типтен көңдөйчөлүү р-тибине өтүүчү жарым өткөргүчтөгү аймак.

Электрондук жарым өткөргүчтө бош электрондордун концентрациясы өтө чоң, көңдөйчөлүү жарым өткөргүчтө көң-дөйчөлөр көп болгондуктан жарым өткөргүчтөрдүн тийишкен беттери аркылуу электрондук жарым өткөргүч-төн тешиктүүсүнө карай бош электрондордун диффузиясы (n-р), карама-каршы багытка тешиктердин (р-n) диффузиясы жүрөт. Натыйжада чегара катмарынын р-жарым өткөргүчүндө терс заряддуу акцептордук атомдор калат да терс заряддалат, ал эми n-жарым өткөргүчтө оң заряддуу донор атомдор калышат да n-жагы оң заряддалат. Ошентип р жана n жарым өткөргүчтөрүнүн тиймегинде “кош электрдик катмар” түзүлөт

Ад.: Бонч-Бруевич В.А., Калашников С.К., Физика полупроводников. – М.: 1977; Смитт Р., Полупроводники. – М.,1982.

Колдонулган адабияттар түзөтүү