Электрон өнөр жайыинформация иштеп чыгуу, аны аралыкка берүү системасы, өндүрүштү жана кыймылды башкаруунун автоматташтырылган системасы, илимий изилдөө ж. б. үчүн прибор жана түзүлүштөрдү иштеп чыгат, даярдайт.

Heгизги продукция түрлөрү:

жарым өткөргүч прибор, микроэлектрондук интеграл схемасы, электрондук лампа, электрондук нурлуу жана рентген түтүктөрү, фотоэлектрондук жана пьезоэлектр приборлору, квант электроникасына керектелчү түзүлүштөр, конденсатор, резистор, микроэлектрондук интеграциянын негизиндеги электрон аппараттары (калькулятор, микроЭЭМ, электрон сааты ж. б.). Электрон өнөр жайы өзүнүн технологиялык, текшерүү жабдууларын жана айрым материал түрүн чыгарат. Электрон өнөр жайы - эл чарбасында илимий-техникалык прогрессти аныктоочу негизги тармактардын бири.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9