Электроэнцефалографиямээнин функциясын изилдөө ыкмасы.

Электроэнцефалограмма

Электроэнцефалография азыркы нейрофизиология, нейрохирургия, невропатология жана психиатрияда кеңири колдонулат. Мээдеги электр кубулуштар атайын өтө сезгич аппарат — электр - энцефалографтын жардамы менен жүргүзүлөт. Ал үчүн баш сөөктүн сыртына металл пластина (электрод) коюлуп, алар аппарат менен бириктирилет. Аппарат график түрүндө электр-энцефалограммасын чийип берет. Дени соо кишинин электр-энцефалограммасы анын физиологиялык абалына (уйку, сергектик, эмоция) жараша өткөрүлөт. Электр - энцефалограммасын операция убагында жасоо оорулуунун абалын байкап турууга жана наркозду жөнгө салууга жардам берет.


Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8