Электр-магнит талаасы - материянын электр менен заряддалган бөлүкчөлөрдүн арасындагы түздөн-түз өз ара аракеттешүүлөр ишке ашуучу өзгөчө формасы.

Вакуумдагы Электр-магнит талаасы электр талаасынын чыңалышы жана магниттик индукция В векторлору менен мүнөздөлүп, ал талаа тарабынан кыймылсыз жана кыймылдуу заряддалган бөлүкчөлөргө аракет этүүчү күчтөрдү аныктайт. Чөйрөдө Электр-магнит талаасы кошумча эки жардамчы чоңдук: магнит талаасынын чыңалышы Н жана электр индукциясы D менен да мүнөздөлөт. Электр-магнит талаасын классикалык электрдинамика үйрөтөт; эркин чөйрөдө заряддардын жана токтун бөлүштүрүшүнө байланышкан талааны аныктоого мүмкүндүк берүучү Максеелл тпеңдемелери менен жазылат. Айрым элементардык бөлүкчөлөр түзгөн микроскопиялык Электр-магнит талаасы микроскопиялык талаанын электр талаасынын ё жана магнит талаасынын h жылышы менен мүнөздөлөт. Алардын орточо маанилери Электр-магнит талаасынын макроскопиялык мүнөздөмөлөрү менен төмөнкүдөй байланышкан: e =Е, h= В .

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4