Электр-машина күчөткүчү - баштапкы кыймылдаткычтын (демейде электр кыймылдаткычы) энергиясынын эсебинен сигналдын башкаруучу оромуна берилүүчү кубаттуулугун күчөтүүчү электр машина (адатта туруктуу токтун генератору).

Дүүлүктүрүү тизмегинде кубаттуулуктун анча чоң эмес өзгөрүүсү (Втнын үлүшү) жүктөм тизмегинде кубаттуулуктун олуттуу өзгөрүүсүн жаратат (бир нече кВтта чейин). Автоматтык башкаруу жана жөнгө салуу системаларында колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4