Электр менен дарылооооруну дарылоо жана алдын алуу максатында электр тогун жана электр-магнит талааларын колдонуу. Э. м. д. врачтын көрсөтмөсү менен гана жүргүзүлөт. Физиотерапиянын кеңири таралган бөлүмү. Дарылоо практикасында төмөнкү (аз) чыңалуудагы туруктуу электр тогу кеңири колдонулат; ал оорулууга үзгүлтүксүз же айрым импульстар түрүндө берилет. Анын оорулууга таасири дененин белгилүү бир бөлүгүнө коюлган металл пластина (электрод) жана нымдалган кездеме төшөм аркылуу жүргүзүлөт.

Таасири түзөтүү

Аз чыңалуудагы ток организмдин ткандарына өткөндө (гальванизация) дененин электроддордун ортосундагы бөлүгүндө иондор кыймылдап, клеткаларда физикалык-химиялык процесстер өзгөрөт. Анын негизинде кан айлануу, уйку жакшырып, ооруган жер басаңдайт, сезгенүү айыга баштап, жабыркаган ткандын калыбына келиши тездейт. Бул процесстер импульстук ток менен дарылоодо даана байкалат. Ошондуктан ал ооруган жерди басаңдатууда, уйку бузулганда (электр менен уктатуу), начарлап кеткен булчуңдарды чыңдоодо жана башкалар колдонулат. Эгер электроддун астындагы төшөм дары-дармек заттардын эритмеси менен нымдалса аз чыңалуудагы туруктуу токтун таасири күчөйт. Ал эритме тканга тери аркылуу ток менен киргизилет жана организмге тийиштүү таасирин тийгизет.

жогорку жана төмөнкү жыштыктагы чыңалуу түзөтүү

Жогорку чыңалуудагы жана жогорку жыштыктагы импульстук токту пайдалануу дарсонвализация деп аталат. Аты бул ыкманы сунуш кылган франциялык илимпоз Д. Арсонвалдын ысмынан аталган. Мындай ток менен таасир берүү дарылоо мезгилинде жарык болуп туруучу газ (неон) менен толтурулган айнек электроддор аркылуу жүргүзүлөт. Тери менен электроддор ортосунда майда учкун разряды пайда болуп, теридеги нерв учтарынын дүүлүгүшүнө алып келет; бул учурда кандын айланышы, ткандардын азыктанышы жакшырып, ооруган жер басаңдайт.

Төмөнкү жыштыктагы өзгөрмө магнит талаасын колдонуу магнит менен дарылоо деп аталат. Дарылоо индуктор — электр-магниттин жардамы менен жүргүзүлөт. Өзгөрүлмө магнит талаасы тканга өтүп, аны аздыр-көптүр ысытат жана түрдүү физикалык-химиялык өзгөрүүгө учуратат. Бул ооруну жана кычышууну басаңдатат, кан тамырлары кеңейип, сөөктүн бүтүшүн тездетет.

Жогорку жыштыктагы өзгөрмө магнит талаасын колдонуу индуктотермия деп аталат. Анын таасири спиралдай оролгон же илмек формасындагы зым — индуктор аркылуу жүргүзүлөт. Индуктор аркылуу ток жүрүп, анын айланасында магнит талаасы түзүлөт. Дарылоо мезгилинде оорулуу индуктордун астынан бир калыптагы жылуулукту сезет; индуктотермия сезгенүүгө каршы, кан тамырды кеңейтүүчү, ооруну басаңдатуучу таасир берет.

Франклинизация — жогорку чыңалуудагы туруктуу электр талаасы менен таасир этүү ыкмасы. Ал ийне сымал электроддор менен жүргүзүлөт. Электр талаасында абанын газ молекулалары бөлүнүп чыгат жана көбүнчө терс заряддагы аэроиондор түзүлөт. Аны менен дем алуу бир катар ооруларга оң таасир берет. Аба ток өткөргүч болуп, «тынч» электр заряды жана бир аз озон пайда болот. Анын таасиринен нерв системасы, уйку жана жалпы абал жакшырат, дем алуу тереңдейт.

УВЧ менен дарылоо түзөтүү

Ультра жогорку жыштыктагы өзгөрмө электр талаасын колдонуу. Анын таасири конденсатор пластиналары менен жүргүзүлөт. Ал сезгенүүгө каршы таасир көрсөтөт, кан тамырларды кеңейтет, ткандардын азыктанышын жакшыртып, ооруну басаңдатат.

Микротолкундук дарылоодо өтө жогорку жыштыктагы электр-магнит талаасы колдонулат. Мында оорулуу жылуулукту сезет. Нурлануу энергиясы кан тамырларды кеңейтет, ооруну басаңдатып, ткандардын азыктанышын жакшыртат.

Электр менен дарылоо ыкмалары оорутпайт жана оорулуу үчүн коопсуз, ошондой болсо да төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл: бул дарылоону тамак ичкенден 1 — 1 1⁄2 саат өткөндөн кийин гана кабыл алуу сунуш кылынат, дарылоо мезгилинде жердештирилген нерселерге (аппараттын тулкусуна, жылуулук берүүчү батареяга, кранга жана башкалар), ошондой эле ушул дарылоону кабыл алып жаткан оорулууга денени тийгизүүгө болбойт. Тынч гана жатуу же отуруу зарыл, уктоого, окууга, электроддорду которуштурууга болбойт; жагымсыз же өзгөчө сезим пайда болсо медсестрага же врачка кайрылуу керек. Электр менен дарылоодо оорулуунун денесинин дарылоо жүргүзүлүп жаткан жеринде металлдын сыныгы, ок, ал эми кийиминде металл нерселер (ачкыч, маки жана башкалар) болбошу керек. Электр менен дарылоодон кийин жарым сааттан кем эмес эс алуу сунуш кылынат. Микротолкун, УВЧ, индуктотерапия жана башкалар кабыл алган күнү үшүп, чыйрыгып калуудан сактануу зарыл. Электр менен дарылоо азыркы мезгилде көп ооруларды дарылоо жана алдын алууда чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8