Электр чоңдуктарынын чендери

Электр чоңдуктарынын чендери – электр чондуктарынын өлчөө бирдиктерин жана алардын аныкталган эселүү же үлүштүк маанилерин аныктоого арналган нерселер же түзүлүштөр.

Алар каршылык, сыйымдуулук, индуктивдүүлүк, өз ара индуктивдүүлүк чендеринин бириккен жыйындысы. Электр кыймылдаткыч күчүнүн (ЭКК) чени бир гана маанисин (~1,0187 Вко барабар) берген нормалдуу элемент катары ишке ашат. Бардык Э. ч. ч-не жалпы талаптар: белгилүү өлчөмдүн маанисин нормаланган тактыкта алууда тиешелүү убакыттын турактуулугу; ченөө маанисинин ар кандай факторлоруна жана колдонуу шартына аз көзкарандылыгы; өлчөө процесстеринде колдонуу оңтойлуулугу эсептелет.

Электр чоңдуктарынын чендери үч топко бөлүнөт:

  • а) турактуу маанидеги – каршылыкты ченөөчү чыгырык, турактуу сыйымдуулуктагы конденсаторлор;
  • б) баскычтуу өзгөрмөлүү маанидеги – каршылык магазини, индуктивдүүлүк магазини, сыйымдуулук магазини;
  • в) жай өзгөрмөлүү маанидеги - өлчөөчү реохорддор, индукциялуулук жана өз ара индуктивдүүлүк вариометрлери, өзгөр-мөлүү сыйымдуулуктагы конденсаторлор.

Колдонулган адабияттар түзөтүү