Электр энергетика системасы

Электр энергетика системасы - электр берүү линиясы менен бириктирилип, электр энергиясын керектөөчүлөрдү биргелешип камсыз кылуучу электр станцияларынын бирикмеси.

Электр энергетика системасы өндүрүштү, электр энергиясын - өткөрүп берүү, бөлүштүрүү жана керектөө процесстерин жалпы бириктирген энергия системасынын электрдик бөлүгү. Энергия системасы - бир-бири менен жалпы режимде байланышкан электр станциялардын, электр энергиясынын жана электр тармактарынын кабылдагычтарынын жыйындысы катары каралуучу техникалык объект. Алгачкы үч фазалуу эки электр станциясын кошуу 1892-ж. Швейцарияда жүргүзүлгөн. Номиналдык кубаттуулугу 120 жана 360 кВт болгон чакан электр станциялары эки км линия аркылуу туташтырылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4