Электр өзгөрткүчү - электр тогун (жыштык, чыңалуу, фаза боюнча) өзгөртүүчү түзүлүш.

Өзгөрмө токту туруктуу токко айландыруу түзөткүчтөр (инвертор) аркылуу ишке ашырылат. Электр машиналык өзгөрткүчтөр (мис., кыймылдаткыч-генератор агрегаты) өзгөрмө токту туруктуу токко айландырат, ошондой эле тескерисинче болот. Өзгөрмө токтун чыңалуусу негизинен туруктуу токтун трансформаторунун чыңалуу бөлгүчтөрү аркылуу өзгөртүлөт. Өзгөрмө токтун жыштыгын жыштык өзгөрткүч өзгөртөт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4