Электр өлчөө - электр чоңдуктарын (электр чыдалуусу, электр каршылыгы, ток күчү, өзгөрмө ток жыштыгы жана фазасы, ток кубаты, электр энергиясы, электр заряды, индукция, электр сыйымдуулугу ж. б.) ченөө.

Электр өлчөө - өлчөөнүн кеңири тараган түрү. Ал физикалык, химиялык, биол. ж. б. илимий изилдөө иштеринде, энергетика, металлургия, химиялык өнөр жай ж. б-дын технологиялык процесстеринде, транспортто, руданы чалгындоо жана казып алууда, метеорологиялык жана океанологиялык иштерде, медициналык диагностикада, радио жана телекөрсөтүү түзүлүштөрүн, самолётту жана космос аппараттарын даярдоодо жана эксплуатациялоодо колдонулат.

Электр өлчөө электр чоңдуктарынын көп түрдүүлүгү, анын маанилеринин кеңири диапазондо өзгөрүшү, өлчөөнүн жогорку тактыгынын талап кылынышы, колдонуу шарттарынын ар түрдүүлүгү, анын методдорунун жана каражаттарынын көптүгү менен шартталат. Электр өлчөө «активдүү» жана «пассивдүү» электр чоңдуктарын өлчөйт. Тизмектеги туруктуу жана өзгерме токту Электр өлчөөнүн методдору жана каражаттары бири биринен айырмаланат. Электр өлчөөнүн азыркы өнүгүшү жаңы физикалык эффектилерди (мисалы, Жозефсон эффекти, Холл эффекти) пайдаланууга карата мүнөздөлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.