Элес (Воображение) – философияда – мээде сакталып калышы б-ча калыбына келип, адамдын сезүү органдарына таасир берүүчү кубулуштардын образы.

Сезим чагылдыруусунун көрсөтмө образ турпатындагы жогорку түрү. Ал кабылдоодон айырмаланып, айрым нерсени түшүнүк м-н байланыштырат. Э. эскерүү ж-а Элестөө түрүндө болот. Эгерде кабылдоо учурга гана тиешелүү болсо, Э. учурга да, өткөнгө да таандык. Бирок кабылдоо м-н өтмө катар байланышта турат. Э. кыйла сезим таасиринин синтези. Э. чындыкка канчалык жакын болсо, чыгармачылык ошончолук оң натыйжа алып келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8