Элизабет Турсынбаева
Элизабет Турсынбаева - (каз. Элiзабет Турсынбаева) - 2000 жылы 14 февралда Орусиянын Москва шаарында төрөлгөн.Казакстандык фигуристка.Муз үстүндө бийлөө боюнча Канадада «Skate Canada» Гран-при мелдеши орун алып, анда Элизабет Турсынбаевада катышып, 7-орунду багындырган.Жаштар арасында бир канча эл аралык мелдештердин жеӊүүчүсү. Чоӊдор арасында Казакстан чемпиону (2015-жыл). Бул спортчунун атасы казак болсо, апасы кыргыз кызы.
Биографиясы
түзөтүү- 6 жашында алгачкы мелдешине чыккан.
- Улуу агасы Тимур да муз үстүндө бийлөө менен машыгат.
- 8 жылдык музыкалык мектепти аяктаган. Фортепиано жана скрипкада ойнойт.
- Элизабеттин апасы Падишахан Султаналиева Жалал-Абаддын Аксы районунда чабандын үй-бүлөсүндө төрөлүп өскөн. Кийин Москвада окуп жүрүп, ал жактан өмүрлүк жолдошун жолуктурган. Орусияда 25 жылдан ашык жашаган үй-бүлө.учурда Канадада жашашат
Карьерасы
түзөтүүЖыйынтыктары
түзөтүүМелдештер | 2011—2012 | 2012—2013 | 2013—2014 | 2014—2015 | 2015—2016 |
---|---|---|---|---|---|
Дүйнө чемпиондугу | 12 | ||||
Skate America:Гран-при | 4 | ||||
Skate Canada:Гран-при | 7 | ||||
Солт-Лейк-Ситидеги турнир | 2 | ||||
Канададагы турнир | 1 | ||||
Алтын коньки | 2 | ||||
CS Tallinn Trophy | 2 | ||||
Орто курактагы өспүрүмдөр боюнча дүйнө чемпиондугу | 11 | 4 | 5 | ||
Өспүрүмдөр олимпиадалык оюундары | 3 | ||||
Юниорс Гран-при этаптары: Германия | 2 | ||||
Юниорс Гран-при этаптары: Жапония | 3 | ||||
Юниорс Гран-при этаптары: Беларусия | 2 | ||||
Юниорс Гран-при этаптары: Эстония | 5 | ||||
Gardena Spring Trophy | 1 (өс.) | ||||
New Year’s Cup | 1 (өс.) | ||||
NRW Trophy | 3 (өс.) | 1 (өс.) | |||
Мерано кубогу | 1 (өс.) | ||||
Казастан чемпиондугу | 1 |