Элик балтыркан (лат. Aegopodium, L. 1753) – чатыр гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүктөр уруусу. Тамыры сойлоп өсүүчү көп жылдык чөп. Майда ак гүлдөрү эки ирет чатырчага топтолгон, алар ороочсуз. Жалбырагы сабакка кезектешип жайгашкан, эки-үч ирет тилкелүү. Мөмөсү жалпак, көп кырдуу, сүйрү кутуча. Э. б-дын 7 түрү Европа жана Азиянын мелүүн райондорунда таралган. Кыргызстанда 2 түрү бөксө жана бийик тоодогу шалбаада, токойдун ачык жеринде өсөт. Чанда жапыс тоодо айдалган эгиндин отоосу. Силоско жараган тоют чөптөр. Жаш өсүмдүктө витамин С, сахароза жана башка химиялык заттар бар.

Aegopodium podagraria.

Колдонулган адабияттар түзөтүү