Эллипстик галактиктер – көрүнүшү айлана же эллипс түрүндөгү галактиктер. Алардын жаркырактыгы борборунан периферийге чейин азайып отурат.

Эллипстик галактика M 32.

Бул галактиктердин ички түзүлүшү эч кандай байкалбайт. Ал галактиктердин группасы Е0дөн Е7ге чейин 8 кичинекей типке бөлүнөт.

Белгилениши Е. Жарык чыгаруусу борборунда көбүрөөк топтолгон эллипс түрүндөгү тумандуулуктай көрүнөт. Андагы жылдыздардын бөлүнүшү бардык тарапта борбордон бирдей жана бир калыпта азаят. Эллипстик галактикаларда чан жана газ дээрлик болбойт жана андагы жылдыздар - эски жылдыздар. Ал жалпы галактикалардын 25% ин түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү