Элнура Осмоналиева

Кыргызстандык актриса

Осмоналиева Элнура Мадалбековна (1981-жылы 12-январда төрөлгөн) – кыргыз кинорежиссёру, актриса, Bilimkana жеке менчик мектептердин түйүнүнүн кошо-негиздөөчүсү, Кыргызстандын жаа атуу улуттук федерациясынын президенти. Элнура Осмоналиева “Алмаз”, “Сейде”, “Биз жашаган өлкө” тасмалары менен таанылган.

Элнура Осмоналиева
Осмоналиева Элнура Мадалбековна
Ишмердүүлүк тармагы:

Кинорежиссер, актриса

Туулган датасы:

12 -январь 1981(1981-01-12) (43 жаш)

Туулган жери:

Ош ш.

Жарандыгы:

Кыргыз Республикасы

Жубайы:

Төлөндү Тойчубаев

Бала чагы жана билими түзөтүү

Элнура 1981-жылы 12-январда Ош шаарында төрөлгөн. Элнура бала кезинде ата-энесинин жумушуна байланыштуу бир топ мектепти алмаштырган: ал Кызыл-Кыядагы кыргыз мектебинде, андан кийин орус тилдүү мектепте окуп, андан соң англис тилдүү мектепке которулган.[1] Элнуранын атасы Мадалбек Сатымбаевич Москвада билими алган экономист, ал эми апасы Насиба Сүйүналиевна физика мугалими.[2]

Элнуранын айтымында, алардын үйүндө чоң китепкана бар болчу жана ата-энесинин китепке жакындыгы анын балалыгына катуу таасирин тийгизген.[3] Мектепте окуп жүргөндө Элнура эл аралык FLEX алмашуу программасынын финалисти болуп, Америкадагы мектепте бир жыл билим алган. Дал ошол жерде Элнура телекоммуникация сабагынын биринде алгачкы кыска метраждуу тасмасын тартып, биринчи жолу видеокамераны колуна алып, сценарий жазганды жана адамдардан маек алганды үйрөнгөн.[4]

АКШдан кайтып келгенден кийин Элнура “Эл аралык жана салыштырмалуу саясат” адистиги боюнча Борбор Азиядагы Америка университетине тапшырган.[5] 2013-жылы ал дүйнөдөгү мыкты кино окуу жайларынын бири болгон Нью-Йорк искусство университетинин магистратурасына тапшырган.[6]

Карьерасы түзөтүү

Элнура кинорежиссёр катары карьерасын дароо эле баштаган эмес. 2008-жылга чейин коомдук кызматкер болуп иштеген, бирок камеранын, тагыраак айтканда, кинонун жардамы менен социалдык маселелерди көтөрүү оңой жана натыйжалуу болгонуна көзүнө жеткен. 2009-жылы “Шамчырак” кыска метраждуу тасмасы жарык көргөн.[7] Тасма ошол эле жылы Борбор Азия режиссёрлорунун жаш муунунун Экинчи Автордук кинофестивалында баш байгеге ээ болгон, ошондой эле 2009-жылы Эрнест Абдыжапаровдун Мастер-классынын катышуучуларынын эмгектерин көрсөтүүдө “Мыкты режиссёрдук иш үчүн” байгесин алган.[8]

2010-жылы “Алмаз” аттуу биринчи даректүү тасмасы чыккандан кийин Элнуранын ысымы кеңири тараган. Бул тасма Нидерланддарга билим алмашуу боюнча студент болуп келген жигиттин окуясын баяндайт. Элнура Алматыда өткөн “Шакен жылдыздары” эл аралык кинофестивалына чакырылып, “Мыкты оюндук эмес толук метраждуу тасма үчүн” байгесине ээ болгон.

Ошондой эле 2010-жылы КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн “Киношок” ачык фестивалына, III Бүткүл орусиялык “Соль земли” даректүү тасмалардын ачык фестивалына, Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык “Бир дүйнө” фестивалына чакырылган, “Адам укуктары маселесин көтөрүүгө кошкон салымы үчүн” калыстар тобунун Дипломун алган.[9] “Алмаздан” кийин баарынын көңүлүнө толгон “Биз жашаган өлкө” тасмасы тартылган. Тасма 2013-жылы Кыргызстандын Улуттук киносыйлыгын алып, өлкөдөгү социалдык көйгөйлөргө адамдардын көңүлүн бурган.[10]

2015-жылы жарык көргөн “Сейде” кыска метраждуу тасмасы Элнуранын карьерасындагы кезектеги бурулуш иши болду. Тасма Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Венеция фестивалынын конкурстук программасына тандалып алынган, бул – дүйнөдөгү мыкты үч кинофестивалдын бири болуп саналат.[11] Тасма “Горизонттор” номинациясында башкы сыйлыкка көрсөтүлгөн. 2016-жылы тасма “Сандэнс” Эл аралык кинофестивалында конкурстук программага тандалып алынган. Бул – кинофестивалга Актан Арым Кубаттын “Бешкемпир” тасмасынан кийин катышкан экинчи кыргыз тасмасы.[12]

Элнура режиссёрлуктан тышкары актёрдук кесипти да аркалап жүрүп, бирок акыры актёрдук оюн ага ылайык эмес экенин түшүнгөн. 2007-жылы Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын” көркөм тасмасында Бурманын ролун, ошондой эле режиссер Айбек Дайырбеков тарткан “Жээк” кыска метраждуу тасмасында чакан ролду ойногон. “Жээк” тасмасынын сценарийнин авторлорунун бири болгон.[13] 2010-жылы Руслан Акундун “Рахмат” аттуу кыска метраждуу тасмасында роль жараткан. Элнура 2020-жылы чыккан “Эдемге жол” тасмасынын кош-продюсери болгон.

Элнура Кыргызстандын жаа атуу федерациясын жетектейт, ошондой эле Bilimkana жеке мектептер түйүнүнүн тең негиздөөчүсү.[14] “Билимкананын” Кыргызстанда 13 окуу жайы жана Казакстандын Алматы шаарында бир филиалы бар.

Тасмаграфиясы түзөтүү

  • 1998-жылы – студенттик иш, “Кызыл топу” кыска метраждуу тасмасы
  • 2008-жыл – студенттик иш, “Үмүт” кыска метраждуу тасмасы
  • 2009-жыл – “Шамчырак” кыска метраждуу тасмасы
  • 2010-жыл – “Алмаз” даректүү тасмасы
  • 2013-жыл – “Биз жашаган өлкө” даректүү тасмасы
  • 2015-жыл – “Сейде” кыска метраждуу тасмасы
  • 2020-жыл – “Эдемге жол” толук метраждуу тасмасы, кош-продюсер

Үй-бүлөсү түзөтүү

Элнуранын жолдошу – ишкер, кинопродюсер, Велоспорт федерациясынын президенти Төлөндү Тойчубаев. Алардын төрт баласы бар.

Кошумча маалымат түзөтүү

Адабиятта түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү


  1. https://akipress.org/people/news:432/
  2. https://akipress.org/people/news:432/
  3. https://akipress.org/people/news:432/
  4. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 8 -март (жалган куран) 2022. Түп булактан архивделген күнү 8 -март (жалган куран) 2022.
  5. http://www.kyrgyzcinema.com/index.php?option=com_content&view=article&id=186%3Aelnura-osmonalieva&catid=3%3Adirector-&Itemid=55&lang=ru
  6. http://www.kyrgyzcinema.com/index.php?option=com_content&view=article&id=186%3Aelnura-osmonalieva&catid=3%3Adirector-&Itemid=55&lang=ru
  7. http://www.kyrgyzcinema.com/index.php?option=com_content&view=article&id=186%3Aelnura-osmonalieva&catid=3%3Adirector-&Itemid=55&lang=ru
  8. http://www.kyrgyzcinema.com/index.php?option=com_content&view=article&id=186%3Aelnura-osmonalieva&catid=3%3Adirector-&Itemid=55&lang=ru
  9. http://www.kyrgyzcinema.com/index.php?option=com_content&view=article&id=186%3Aelnura-osmonalieva&catid=3%3Adirector-&Itemid=55&lang=ru
  10. http://www.kyrgyzcinema.com/index.php?option=com_content&view=article&id=186%3Aelnura-osmonalieva&catid=3%3Adirector-&Itemid=55&lang=ru
  11. http://www.kyrgyzcinema.com/index.php?option=com_content&view=article&id=186%3Aelnura-osmonalieva&catid=3%3Adirector-&Itemid=55&lang=ru
  12. http://www.kyrgyzcinema.com/index.php?option=com_content&view=article&id=186%3Aelnura-osmonalieva&catid=3%3Adirector-&Itemid=55&lang=ru
  13. http://www.kyrgyzcinema.com/index.php?option=com_content&task=view&id=1941&Itemid=4&lang=ru
  14. https://www.osoo.kg/inn/00102200210167/