Элчиликтин консулдук бөлүмү

Элчиликтин консулдук бөлүмү – барган мамлекеттин борборунда же анын башка жактарында, ал аймакта өзалдынча консулдук мекеме болбогон шарттарда элчиликтин алдында уюштурулган консулдук милдеттерди жүргүзүүчү бөлүм. Э. к. б-ндө иштөө үчүн элчиликтен өздөрүнүн элчиликке таандык статустарын сактап калуу менен дипломаттык жана административдик-техникалык кызматкерлер бөлүнүп берилет. Э. к. б-нүн башчысын дайындоо тууралуу анан жеке жана кызматтык маалыматтары көрсөтүлүү менен барган өлкөнүн Тышкы иштер министрилигине билдирилет. Мында адатта консулдук патентти же экзекватураны алуунун зарылдыгы болбойт (дипломаттык мамилелерди түзүү консулдук мамилелерди да түзөт). Э. к. б-н түзүү КРде колдонулуучу СССРдин 1976-жылкы Консулдук уставында каралган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү