Эльтон - Россиядагы туздуу туюк көл.

Каспий бою ойдуңунда жайгашкан. Европадагы минералдык көлдөрдүн ичинен аянты боюнча эң чоңу. Аянты 152 км2. Тереңдиги 0,1 -мге чейин (жазында 0,8 -мге жетет). Деңиз деңг. 18 м төмөн жатат. Кар суусунан куралат. Климаты кескинконтиненттик. Жайы ысык (июлдун орточо темпрасы 25°С), кышы суук (январдын орточо темпрасы -11°С), жылдык жаан-чачыны 300 мм. Түбүнөн туздуу булактар чыгат, о. але туз (NaCl, KC1) жана минералдуу күкүрт-суутектүү баткак жатат. Эльтонго жакын жерде дары баткак бальнеол. курорту иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4