Эл аралык аскер трибуналы

Эл аралык аскер трибуналы ― башкы согуш кылмышкерлерин изилдеп-иликтөө жана жазалоо боюнча эл аралык сот органы. Нацисттик Германия тарабында согушкан Европа өлкөлөрүнүн кылмышкерлери үчүн эл аралык аскер трибуналы СССР, АКШ, Улуу Британия жана Франциянын өкмөттөрүнүн ортосундагы Лондон макулдашуусу боюнча 1945-жылы 8-августта уюштурулган. Ыраакы Чыгыш үчүн эл аралык аскер трибуналы 1946-жылдын 19-январында уюштурулган.

Булактар түзөтүү

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7