Эл аралык ишкерлер кеңеши

Эл аралык ишкерлер кеңеши, ЭИК (орус. Международный Деловой Совет, англ. International Business Council) – Кыргызстандын экономикасындагы инвестициялары жалпысынан миллиарддан ашык АКШ долларын түзгөн ата мекендик жана эл аралык бизнес өкүлдөрүнүн кеңири чөйрөсүн камтыган бизнес-ассоциация. ЭИК адам укуктарын, эмгек стандарттарын, айлана-чөйрөнү коргоо жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы негизги баалуулуктарды аныктоочу БУУнун Глобалдык макулдашуусунун он принцибин колдойт, ошондой эле алардын таасир кылуу чөйрөлөрүнүн чектеринде бул принциптерди кабыл алууда жана жүзөгө ашырууда өздөрүнүн мүчөлөрүнө көмөк көрсөтөт. ЭИК коррупцияга каршы күрөшүүдө, социалдык-экономикалык адилеттүүлүккө бөгөт койгон мыйзамдар менен тажрыйбаларды өзгөртүүдө өкмөт менен, жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен кызматташат.

ЭИКтин тарыхы түзөтүү

2000-жылдын декабрында чет өлкөлүк инвесторлордун формалдуу эмес клубу – Эл аралык ишкерлер кеңеши түзүлгөн. Өзүнүн катарын кеңейтүү жана ишмердүүлүгүн мыктылоо менен ЭИК туруктуу беделдүү уюмга чейин өстү, ал чет өлкөлүк жана жергиликтүү капиталдын катышуусу менен экономиканын ар кайсы тармактарында иш-аракеттерин жүргүзүшкөн 150гө жакын алдыңкы компанияларды бириктирет. Биздин мүчөлөрүбүздүн арасында белгилүү ата мекендик брэнддерди көрсөтүшкөн ири салык төлөөчүлөр бар.

ЭИКтин максаттары түзөтүү

- Кыргызстанда инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөсүн жакшыртуу.

- Мамлекеттик бийлик органдарына (КР Президентинин Аппаратына, КР Жогорку Кеңешине, КР Өкмөтүнө) бизнес-коомдоштуктарынын пикирлерин көрсөтүү

ЭИКтин ишмердүүлүгү түзөтүү

ЭИКтин ачык жыйындары, ЭИКтин комитеттеринин отурумдары жана тегерек столдору бизнести тынчсыздандырган маселелерди талкуулоо үчүн уникалдуу аянтча болуп саналат. ЭИКте минералдык ресурстар боюнча, инвестициялар боюнча, салык, бажы жана Социалдык фонд боюнча, интеллектуалдык менчик боюнча, туруктуу өнүктүрүү жана корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча, адам ресурстарын башкаруу боюнча 6 комитет иштейт.

Өкмөт менен өз ара активдүү аракеттешүү менен, ЭИК төмөндөгүлөрдүн мүчөсү болуп саналат:

  • Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин;
  • КРнын Өкмөтүнө караштуу бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин;
  • Мамлекеттик менчик объектилерин сатуу боюнча аукциондорду даярдоо жана өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын;
  • КРнын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентттигинин алдындагы жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу маселелери боюнча комиссиясынын;
  • Министрликтердин жана ведомстволордун алдындагы жыйырмадан ашык коомдук байкоочу кеңештердин (КБК);
  • Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын берүү боюнча кеңешинин, ошондой эле башка комиссиялардын, комитетттердин, жумушчу топторунун жана кеңештердин.


ЭИКтин өнөктөштөрү түзөтүү

ЭИК Кыргызстандын башка бизнес ассоциациялары менен – Жаш ишкерлер ассоциациясы, Кыргызстандын ишкерлер бирлиги, КР Соода-өнөр жай палатасы, Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсы, Банктар бирлиги, Америка соода палатасы, Кыргыз туроператорлор ассоциациясы жана көптөгөн бизнес-ассоциациялар менен тыгыз кызматташып турабыз. Эл аралык ишкерлер кеңеши ЕККУ, ЮСАИД, БУУӨП Archived 2014-12-18 at the Wayback Machine, ЭФК, ДБ, ЕӨРБ, АӨБ, GIZ ж.б. сыяктуу эл аралык донордук уюмдар, чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана ӨЭУлар менен иштешет.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү