Эл аралык каржы уюму ― мамлекеттер ортосундагы макулдашуулардын негизинде өлкөлөрдүн ортосундагы валюталык жана каржы-насыялык мамилелерди жөнгө салуу максатында түзүлгөн каржы уюму. Алар муктаж өлкөлөргө жардам катары насыя берип, экономикалык өнүгүүсүнө түрткү болот.

Алардын катарына кирген уюмдар: Эл аралык эсептешүү банкы, Эл аралык валюта фонду, Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкы, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы, Эл аралык каржы корпорациясы, Европалык инвестициялык банк, регионалдык эл аралык өнүктүрүү банкы.

Булактар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4