Эл аралык талаш — эл аралык укук субъекттеринин факты же укук боюнча келип чыккан, расмий таанылган пикир келишпестиктери. Эки тараптуу же көп тараптуу болушу мүмкүн, мамлекеттердин иш-аракетинин аркайсы чөйрөлөрүндө тигил же бул эл аралык келишимге түшүндүрмө берүү же аны колдонуу, дайындуу мамлекеттин жоопкерчилиги д. у. с. маселелер боюнча келип чыгышы ыктымал. Тынчтык жолу жана каражаттары менен чечилүүгө тийиш.

Булактар түзөтүү

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7