Эмба - Казакстандын батышындагы дарыя..

Эмба

Уз. 712 км, алабынын аянты 40,4 миң км2. Мугалжар тоосунун батыш капталынан башталып, Урал этегиндеги плато жана Каспий бою ойдуңу аркылуу агат. Ал аркылуу Азия менен Европанын шарттуу чек арасы өтөт. Э. Каспий деңизине 5 км жетпей шор жерлерге сиңип соолот. Кар суусунан куралып апрель - май айларында кирет. Негизги куймалары; Темир, Атсоксы. Жайында суусу абдан минералдашып, иримдерге бөлүнөт. Чатынан 150 км аралыкта орточо чыгымы 17,5 м3/сек. Сугатка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4