Эмгек менен дарылоо — кээ бир ооруларды дарылоодо эмгекти колдонуу. Көпкө аракетсиз болгон киши шалакыланып, бошоңдойт. Иштеп жүргөн кишиге эмгек дем, күч берет.

Күч-кубаттын төмөндөшү

түзөтүү

Көпкө ооруган кишинин күч-кубаты ооругандыктан гана эмес, кыймыл-аракетсиздиктен да төмөндөйт. Дарылоо максатында эмгекти колдонууну оорулуунун абалына жараша врач аныктап, аны качан баштоону жана иштин өлчөмүн, түрүн белгилейт.

Калыпка келтирүү ыкмасы

түзөтүү

Эмгек менен дарылоо калыбына келтирүүчү дарылоо ыкмасы катары кырсыкка чалдыкканда, мээде кан айлануу бузулганда, мээнин кан тамырлары жабыркаганда жалпы кыймылды калыбына келтирүүдө, инфаркт менен ооруп жакшы болгондо жана башкалар колдонулат. Эмгек менен дарылоо сөөк-муун ооруларында кол, бут жана башкалар мүчөлөрдүн кыймылдабай калышын алдын алууда чоң роль ойнойт. Анда жумушка жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүү үчүн булчуң күчү менен аткарылуучу эмгектин атайын түрлөрү колдонулат. Психикалык ооруларды дарылоодо эмгек менен дарылоо өзгөчө мааниге ээ. Оорунун түрүнө ылайыкталган эмгек оорулуунун активдүүлүгүн жогорулатат же тынчтандырат, көңүлүн ачып, ишмердүүлүгүн арттырат. Эмгек процессин акырындап татаалдандыруу менен оорулуунун өндүрүштүк жумушка жөндөмдүүлүгүн өөрчүтүүгө болот. Эмгек менен дарылоо психиатриялык ооруканаларда, психоневрологиялык диспансерлерде жүргүзүлөт.

Колдонулган адабият

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8