Эмеген-Кайнар өрөөнү - Ички Теңир-Тоо менен Борбдук Теңир-Тоонун чек арасында. Борколдой кырка тоосу жана Карлытоо менен чектешип, Кичи Үзөңгүкууш суусунун алабында жайгашкан. Жети-Өгүз районунун аймагында. Өрөөн түндүк-чыгыштан түшүк-батышка карай Бозжалпак өрөөнүнөн Кумбелге чейин 35 кмге созулуп жатат. Туурасы 20 км. Таманынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3000–3200м, эң жапыз жери 2990 м (Эмеген жана Кичи Үзөңгүкууш сууларынын кошулган жеринде). Курчаган тоолордун ойдуңдан салыштырмалуу бийиктиги 2000 м. Өрөөн генезистик тиби боюнча мегантиклиналь. Бозжалпак өрөөнүнүн түндүк-батыш тармагы болуп эсептелет. Курчаган тоолордо байыркы мөңгүнүн издери кездешет; өрөөндө төртүнчүлүк мезгилдин морена калдыктары 3100–3000 м бийиктикке чейин жатат. Курчаган тоолордо азыркы мөңгүнүн аянты 30,31 км2. Таманы палеоген-неогендин майда шагылдуу конгломерат, кумдук, алевролит катмарлары жана мергелдер менен толгон. Түндүк жана түштүк бети (Борколдой жана Карлытоонун капталдары) девон менен карбондун кумдук, туф, акиташ теги, кремнийлүү жана чополуу сланец, мергель, түштүк-чыгышы силур менен девондун сланец, кумдук, акиташ, порфирит, диабаз жана башка тектеринен түзүлгөн. Климаты континенттик, суук. Январдын орточо температурасы –27° С, июлдуку 9° С, жылдык жаан-чачыны 250—300 мм. Өрөөндүн таманына субальп, алып шалбаасы, кап талдарына шалбаалуу талаа жана талаа; муздак чөл жана гляциалдыкнивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү