Эмигрант (лат. emigrans – көчүп чыгып кетүүчү) – өзү жарандыгын алган же туруктуу жашап турган өлкөнү таштап, башка өлкөгө туруктуу жашоо үчүн кеткен адамдар 1966-жылдагы Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эларалык пактта ар адамдын аргандай өлкөнү, анын ичинде өз өлкөсүн таштап кетүү, б. а. эмиграцияга укугу каралган. Бирок, ушул пакт боюнча бул укук мыйзамда айрым бир белгилүү чектөөлөргө учурашы мүмкүн, алар мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын денсоолугун жана адеп-актыгын, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу зарылдыгына жараша коюлат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү