Эмилбеков Оганбек (10. 8. 1933-ж. туулган, Кызыл-Ой кыштагы) - эмгек ардагери жана тажрыйбалуу мугалим.

  • Нарын шаарындагы мугалимдер окуу жайын (1953) жана Ош мамлекеттик педагогика институтун сырттан окуп бүтүргөн (1965).
  • Эмгек жолун 1955-ж. Сары-Камыш айылындагы «Бирлик» мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп баштаган.
  • 1960-93-жылдары Кызыл-Ой кыштагындагы Фрунзе атындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, профкомдун төрагасы болуп эмгектенип келген.
  • Анын демилгеси менен мектепте Түркмөн манаптын жана зоология музейлери уюштурулуп, 150дөн ашык жаныбардын кеби жасатылган.
  • Ошондой эле мектепте жаратылыш бурчун уюштурууга активдүү катышкан.
  • Ал адам укугун жана жаратылышты коргоо комитеттеринин, «Жайыл Ата» бириккен коомунун мүчөсү.
  • Жайыл райондук «Жаңы мезгил» гезитинин кабарчысы.
  • Учурда ардактуу эс алууда.
  • Жаманбай уруусунан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9