Эмили Оливия Лаура Блант (англ. Emily Blunt;1983 жылдын 23-февралында туулган) - британиялык-америкалык кино жана театр актрисасы. Актриса чыгармачылык жолун 2001-жылы Лондондо коюлган "Падыша үй-бүлөсү" (англ. The Royal Family) пьесасында ойноп баштаган. Эки жылдан кийин актриса биринчи жолу "Аскер канышасы" (англ. Boudica (Warrior Queen)) тасмасында ойногон. "Менин жайымдын махабаты" (англ. My Summer of Love) мелодрамасындагы ролу үчүн the Evening Standard British Film Award сыйлыгынын "Көптү үмүттөндүргөн жаңы актриса" деген номинациясы актрисага ыйгарылган.

"Гидеондун кызы" (англ. Gideon's Daughter, 2006) телевизиондук тасмасындагы ролу үчүн Э. Блант "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" номинациясында "Оскар" сыйлыгын алган. Ошол эле жылы " Кинофильмдеги экинчи пландагы эң мыкты актриса" номинациясында "Алтын глобус" сыйлыгына жана "Шайтан Прададан кийинет" ( англ.The Devil Wears Prada) тасмасындагы ролу үчүн Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" номинациясына көрсөтүлгөн.

2009-жылы Эмили Блант Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын "Британия" сыйлыгына "Британиядагы жылдын мыкты актрисасы" номинациясында татыктуу болгон. Актриса "Жаш Виктория" (англ. The Young Victoria, 2009) тасмасында Виктория канышанын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн мактоолорго арзып, "Алтын глобус" сыйлыгынын "Көркөм фильмдеги эң мыкты актриса" номинациясына көрсөтүлгөн. 2009-жылы актриса Билл Найи, Рупер Гринт менен бирдикте "Жаман ой" (англ. Wild Target)криминалдык комедиясында ойногон. Э. Блантка киреше алып келген тасмалар "Түзөтүүчү команда" (англ. The Adjustment Bureau, 2011), "Убакыт торчосу" (англ. Looper, 2012) жана "Эртеңкинин чеги" (англ. Edge of Tomorrow, 2014) болгон.

Актриса "Алтын глобус" сыйлыгына "Йемендеги балык" (англ. Salmon Fishing in the Yemen, 2012) тасмасындагы ролу жана "Музыкалык категориядагы кинофильмдеги эң мыкты актриса" номинациясында "Токойго карай" (Into the Woods, 2014) тасмасындеги ролу үчүн төртүнчү жана бешинчи жолу көрсөтүлгөн. 2016-жылы актриса "Мергенчи" (англ. The Huntsman: Winter's War) фэнтези тасмасында, "Поезддеги кыз" (The Girl on the Train) триллеринде ойногон. Э. Блант башкы ролду ойногон "Поезддеги кыз" (англ. The Girl on the Train) тасмасы ушундай ат менен жазылган, дүйнөлүк окурмандар тарабынан мыкты деп табылган (эң көп сатылган) романдын негизинде тартылган. Аталган фильмдеги ролу үчүн Э. Блант Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын "Башкы ролдогу эң мыкты актриса" номинациясына жана АКШ киноактерлор Гильдиясынын (коомунун) "Башкы ролдогу актрисанын эң мыкты ролу" номинациясына көрсөтүлгөн.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү