Амалия Эмми Нётер (нем. Amalie Emmy Noether; 1882-жыл 23-март, Германия, Эрланген - 1935-жыл 14-апрель, АКШ, Пенсильвания, Брин-Мор) - немис математиги, эң көп абстракттуу алгебрага жана теориялык физикага кошкон салымадары менен белгилүү. Павел Александров, Альберт Эйнштейн, Жан Дйодонне, Герман Вейл жана Норберт Винерлер аны математиканын тарыхындагы эң маанилүү аял деп эсептешкен. Ал ХХ кылымдын улуу математиктеринин бири катары, шакек, талаа жана алгебралардын теорияларын түп-тамыры менен өзгөрткөн. Физикада Нётердин теоремасы симметрия менен сакталуу мызамдарынын байланышын ачыктайт.

Эмми Нётер.

Нётердин математикалык эмгектерин үч мезгилге бөлүшөт. Биринчи мезгилде (1908-1919) иварианттар жана сандык талаалар теориясын өнүктүргөн. Анын Нётер теоремасы деп аталган дифференциалдык инварианттар жана варианттык санак теоремасы "азыркы физикада колдонулган эң маанилүү математикалык теорема" деп аталган. Экинчи мезгил ичинде (1920-1926) "[абстракттык] алгебранын жүзүн өзгөрткөн" ишке киришкен. Ал классикалык Idealtheorie in Ringbereichen ("Шакектеги идеалдар теориясы") китебинде кеңири колдонмолор спектрине жарактуу коммутатив шакектердин идеалдары жөнүндө теория иштеп чыккан. Ал көбөйүүчү чынжырлардын үзүлүүсүнүн жагдайын колдонуунун укмуш жолун тапкан. Бул жагдайларга туура келген объектилерди анын урматына "Нётердик" деп аташат. Үчүнчү мезгил (1927-1935) анын коммутативдик эмес алгебра жана гиперкомплексттик сандар боюнча жарыялоолору менен белгиленет. Нётер топторду көрсөтүү теориясын модулдар менен идеалдар теориясына кошкон. Нётер өз изилдөөлөрүн жарыялоо менен катар башка математиктерге да идеяларын берешендик менен бөлүшкөн. Бул идеялардын айрымдары, мисалы, алгебралык топология жааты, Нётердин изилдөө багыттарынан алыс болгон.

Өмүр таржымалы

түзөтүү

Илимий ишмердиги

түзөтүү

Сыйлыктары

түзөтүү

Шилтемелер

түзөтүү