Эмоционалдуулук - (франц. Emotion – ички сезим, толкундануу).

Эмоционалдык маанидеги сөздөр жаратылыштык көрүнүштөргө, нерселерге же сүйлөмдө айтылып жаткан ойго карата сүйлөөчүнүн байкоосун, баамын, сезүү, кабыл алуу мүнөзүн, мамилесин билдирген сөздөр болуп, өздөрү катышкан сүйлөмдүн мазмунуна ар кыл мүнөздөгү экспрессивдик, эмоционалдык маани кошот, сүйлөмдүн субъективдик мазмунун түзөт.

Мындай сөздүн мааниси лексикалык жана эмоционалдык маанилердин бирдигинен турат. Анын лексикалык мааниси нерсе же көрүнүштөрдү атап көрсөтүүгө негизделсе, эмоционалдык мааниси сүйлөөчүнүн ошол нерсе же көрүнүштөргө карата болгон субъективдүү мамилеси, баалоосу аркылуу аныкталат.

Эмоционалдык маанидеги сөздөр маани жагынан өтө бай, б.а., алар эркелетүү, кубануу, өкүнүү, сүйүнүү, жек көрүү, кайгыруу, жактырбоо, каалоо, аѐо, чочуу, шылдыңдоо, каргоо, кубаттоо ж.б. сыяктуу адамдагы ар кыл сезимди билдирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4