Эмпедокл (Х.Т.ч. 490—430) — байыркы грек философу. Ал саясый ишмер жана акын да болгон. Дарыгерлик, жрецтик иштер менен алектенген. Анын ишмердиги Сицилияда Агригент шаарында өткөн.

Эмпедокл

Акраганттык Эмпидокл
Толук аты-жөнү Акраганттык Эмпидокл
Төрөлгөн б.з.ч 490-430 жж
Акрагант шаары


Уламыш түзөтүү

Ал жөнүндө адаттан тышкары керемет күчү бар адам катарында уламыш тараган, ал бир ай бою дем албай жаткан аялды тирилткен экен. Ал көптөгөн талантка жана касиеттерге ээ болгон. Чечендик искусствону жакшы билген жана Сицилияда чечендик искусствосунун мектебин негиздеген. Анын өлүмү да уламыштар менен чулганган. Өзүн Кудай сыяктуу урматташсын деп, ал Этна жанар тоосунун оозуна боюн таштап өлгөн деп айтышат.
Ага «Жаратылыш жөнүндөгү» поэма (мындан 340 ыр сакталып калган), ошондой эле «Тазалануу» деген поэма таандык (бизге жүзгө жакын ыры жеткен).

Төрт стихия түзөтүү

Эмпедоклдун окуусунун негизин төрт стихия жөнүндөгү концепция түзөт, алар нерселердин «тамырын» жаратат. Бул тамырлар — от, аба, суу жана топурак. Алар бүткүл мейкиндикти толтуруп турат жана орун алмашып, аралашып жана бири-биринен ажырап, дайыма кыймылда болуп турат. Алар өзгөрүлбөйт жана түбөлүктүү. «Дубал кирпич менен таштардан тургузгандай» бардык нерселер ошол стихиялардан куралып пайда болот. Эмпедокл нерселердин туулушу жана өлүшү жөнүндөгү ойду четке кагат. Нерселер стихиялардын белгилүү бир барабардыкта аралашып, биригишинен пайда болот. Алсак, сөөктүн эки бөлүгү суудан, эки бөлүгү топурактан жана төрт бөлүгү оттон турат.
Жаратылыштагы кыймылдын булагы — «тамырлардын» өзү эмес, анткени алар өзгөрүлбөйт, анын булагы карама-каршы күчтөр болгон — Сүйүү жана Кастык. Бул эки күч толук түрдөгү белгилүү бир физикалык сапаттарга ээ. Алсак, «жабышкак Сүйүү» нымдын бардык касиеттерине ээ, ал эми «бүлдүрүүчү Кастык» — оттун касиеттерине ээ. Ошентип, дүйнө бүт бойдон аралашуу жана аралашкандардын кайра бөлүнүү процессинен турат. Эгерде Сүйүү үстөмдүк кыла баштаса, анда Сфайрос — шар пайда болот, бул учурда Кастык периферияда турат. Ал эми Кастык Сфайростун ичине киргенде стихиялардын кыймылы башталып, алар бөлүнүп кетишет. Андан кийин тескери процесс жүрөт да, ал процесс Сфайростун — шар түрүндөгү бир тектүү кыймылсыз массанын түзүлүшү менен аяктайт.

Концепцияларынын схемасы түзөтүү

Ошентип, Эмпедоклдун концепциясы төмөнкү схемага келип такалат: Дүйнөдө көптүк жана жекелик жашап турат, бирок алар Гераклиттегидей бир эле убакта эмес, биринен кийин бири ырааты менен жашайт. Жаратылышта циклдик процесс өтүп турат, адегенде — «бардык нерселердин тамырын» — бардык элементтерди бириктирип турган Сүйүү үстөмдүк кылат, андан кийин бул элементтерди ажыратып бөлгөн Кастык үстөмдүк кылат. Сүйүү үстөмдүк кылып турганда дүйнөдө биримдик орнойт, айрым элементтердин сапаттык ар түрдүүлүгү жоголот. Ал эми Кастык үстөмдүк кылып турганда материалдык элементтердин ар түрдүүлүгү, көптүк пайда болот. Сүйүү үстөмдүгү жана Кастыктын үстөмдүгү өткөөл мезгилдер менен бөлүнүп турат. Дүйнөлүк процесс ушул кайталануучу циклдерден турат. Болуп жаткан бардык өзгөрүү процессинде элементтердин өзү жаралбайт да, жок болбойт, алар түбөлүктүү.

Философиясы түзөтүү

Өзүнүн философиясында Эмпедокл көптөгөн гениалдуу ойлорду айткан, бирок алар Эмпедокл жашап турган мезгилде эмпирикалык жол менен далилдениши мүмкүн эмес эле. Алсак, ал жарыктын таралышы үчүн белгилүү бир убакыт зарыл деп жазган. А түгүл Аристотель да биздин эрага чейинки IV кылымда бул пикирди жаңылыш пикир деп эсептеген. Ошондой эле, Эмпедоклдун максатка ылайыктуу жаралган биологиялык түрлөрдүн курубай жашоого туруктуу болуу идеясы да эң сонун идея болгон. Бул идеяда өтө мажес түрдө болсо да, табийгый тандалуу теориясынын түйүлдүгүн байкоого болот. Медицина жагындагы бир катар сонун ойлор да Эмпедоклга тийиштүү. Алсак, ал адамды билбей, изилдеп көрбөй туруп, аны дарылоо мүмкүн эмес деп эсептеген.

Теориясы түзөтүү

Эмпедокл өзүнүн сезимдик кабылдоо теориясында сезимдик кабылдоо процесси дене органдарынын түзүлүшүнө багыныңкы деген терең ойду айткан. Окшош нерсе окшош нерсе аркылуу кабылданат дейт ал, ошондуктан сезим органдары сезиле турган нерсеге ылайыкташат, эгерде сезим органдары кабылдана турган нерсеге ылайыкташа албаса, анда ал предмет кабылданбайт. Сезим органдары өзгөчө майда тешикчелерге ээ, алар аркылуу кабылданып жаткан предметтен чыккан «шоола» өтүп турат. Эгерде тешикчелер кичине болсо «шоола» өтпөйт да, кабылдоо болбойт. Эмпедоклдун туюм теориясы андан кийинки байыркы грек ойчулдары Платонго, Аристотелге, атомчуларга чоң таасир көрсөткөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8