Эмпиема (гр. empyema - ириң) - дененин туюк көңдөйүндө же көңдөй органында ириңдин чогулушу.

Анда ириң чыгуучу жол заң, сезгенүү инфильтраты ж. б. менен бүтөлүп калат. Дарылоо хирург. жол менен жабыркаган органды, мис., ириңдүү аппендицитте аппендикс өсүндүсүн, ириңдүү холециститте өт баштыгын алып салуу, ошондой эле ириңдүү көңдөйдү, ириңцүү плевритте плевраны, ириңдүү артритте муунду жаруу жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4