Эндоген кендери (эндо... жана ...ген), гипоген кендери - Жердин тереңинде жүрүүчү геохимиялык процесстерге байланыштуу топтолгон кендер.

Алар күчтүү басым жана жогорку температура шартында магма эритмелеринен же газ-буу жана минералдашкан ысык суюк эритинди заттардан пайда болот. Эндоген кендери пайда болуусу боюнча: магмалык, пегматит, карбонатит, скарн жана гидротерм кендери деп, 5 топко бөлүнөт. Магмалык кендерге эритме сууп жатканда пайда болгон хромдун, титандын, ванадийдин, темирдин, платинанын, жездин, никелдин жана сейрек металлдын кенташтары, ошондой эле апатит жана алмаз кирет. Пегматит кендерин сууп, каткан магманын сыныктары кирип, карапа сырьёсу, ошондой эле слюда, асыл таш жана сейрек металл өндүрүүдө пайдаланылат (к. Пегматит кендери). Карбонатит кендерин е ультра негиздүү щелочтуу магмалык тектерде топтолгон карбонаттуу минералдардын арасында кездешкен жездин, ниобийдин кенташтары, апатит жана флогопит кирет. Скарн кендерине минералдашкан ысык буулардын таасири астында магмага чектеш тоо тектерде топтолгон темирдин, жездин, вольфрамдын, молибдендин, коргошундун, алтындын ж. б. кенташтары кирет. Гидротерм кендери түстүү, баалуу жана радиоактивдүү металлдардын кенташтарынан турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4