Эндотелиалдык чел кабык - кан жана лимфа тамырларынын керегесинин жана жүрөк көңдөйүнүн ички бетин каптап турган жалпак клеткалар катмары. Омурткалуу жаныбарлардын кан системасынын туюк болушу жана кан тамырлардын ички бетин каптап турган Э. ч. к. пайда болушу организмде үч чөйрөнүн болушуна алып келет: ички клеткалык, ички ткандык (клетка аралык суюк - лимфасы менен) жана кан менен толтурулган кан тамырлар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү