Энелик уруу, матриархат (лат. mater - эне жана гр. arche - башталыш, бийлик; сөзмө сөз мааниси - эне бийлиги) - төмөнкү палеолиттен неолитке чейинки мезгилди кучагына алган коомдук түзүлүштүн бир формасы.

Мында таштан, жыгачтан, сөөктөн, мүйүздөн жасалган эмгек куралдары колдонулуп, барабара өркүндөтүлө берген. Аңчылык, жыйноочулук жана балык кармоочулук менен кесиптенишкен. Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн натыйжасында эркектер балык кармоо, аң уулоо, аялдар мөмө-жемиш терүү иштерин аткарган. Энелик уруунун соңку доорунда уруу ичинде эне башкара турган чоң-чоң үй-бүлөлөр бөлүнүп чыккан. Аялдар коомдо үстөмдүк абалды ээлеп, үй-мүлккө мураскор болуп, социалдык абал Энелик урууга байланыштуу аныкталган. Өндүрүш мамилелеринин өнүгүшү, жеке менчиктин пайда болушу Энелик урууну аталык урууга алмаштырган, к. Патриархат. Аялдар бийлеген доор жөнүндө гипотеза Ж.-Ф. Лафито, И. Я. Бахофен жана Л. Г. Морган ж. б. изилдөөчүлөрдүн ысымдары менен байланышат. Энелик уруунун саркындылары Кытайдагы мосо урууларында ж. б. аймактарда сакталып калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4