Кыргызстандын энергетикасы

Энергетика (Кыргызстанда)‎»‎ барагынан багытталды)

Кыргызстандын энергетикасыКыргызстандын өнөр жай комплексинин негизги курамдык бөлүгү. Энергетика мамлекеттин улуттук коопсуздугун камсыз кылууда, экономика тармагын өнүктүрүүдө өзгөчө орунду ээлейт.

1917-жылы өлкөнүн аймагында жалпы кубаттуулугу 485 кВт. өлчөмдөгү 5 электр станция иштеген. Алардын жалпы электр кубаты саатына 800 миң кВт түзгөн. 1920-1926-жылы Фрунзе, Жалал-Абад, Каракол, Сүлүктү шаарында анча чоң эмес электр станциялары, Чүйдө Кичи Аламүдүн ГЭСи курулуп, ишке киргизилген. Азыр жалпы кубаттуулугу 3680 мВт өлчөмдөгү 17 электр станциясы иштейт. Мунун ичинен кубаттуулугу 2950 мВт түзгөн 15 ГЭС (жалпы энергиянын 93%) жана кубаттуулугу 730 мВт өлчөмдөгү 2 ЖЭБ ээлейт. Республикасынын аймагында чыңалуулугу 0,4-500 кВтки тете 70 мин кмден ашык электр линиялары тартылган. Азыркы учурда өлкөнүн Түштүк менен Түндүк региондун энергиясын туташтырган Датка - Кемин электр линиялары тартылууда. Бул өлкөнү толук электр энергиясы менен камсыз кылат.

Булактар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4