Эне-Сайлык кыргыздардын салт-санаасы
Эне-Сайлык кыргыздардын салт-санаасы - Эне-Сай кыргыздары бир жылда бир канча майрам өткөргөн. Алардын ичинен: "Жаз майрамы", "Күз майрамы" жана "Нооруз майрамы" өзгөчө мааниге ээ болгон. Ноорузга каган баштаган уруу башчылары катышкан. Алар бир жерге чогулуп, теңирге, арбактарга сыйынып, ар кандай ырым-жырымдарды кылып, курмандыкка жылкыларды, койлорду, өгүздөрдү чалышчу. Мындан башка "обо" (мазарларга) жана ата-бабаларынын мүрзөлөрүнө барышып, аларга коюлган жыгачтарга көк, кызыл, ак, сары чүпүрөк байлашкан. Башка түстөгү чүпүрөктөргө уруксат берилбеген. Кыргыздардын мазарларга чүпүрөк байлоо салты ошол мезгилден калса керек. Эне-Сайлык кыргыздардын байыртадан калган салты жана ажонун түзгөн тизмеси боюнча жогоруда айтылган майрамдарда ар бир уруунун жана тайпалардын аксакалдары жыйналып, аларга караштуу элдин абалы, адам жана малдын саны, түшүмдүн көбөйгөндүгү, азайгандыгы жөнүндө каганга эсеп откөрүшчү. Андан кийин ар кандай оюндар көрсөтүлүп, майрам үч күн, үч түнгө созулчу экен. Кыргыздардын салты боюнча Нооруз майрамы шандуу жана салтанаттуу өткөрүлгөн. "Нооруз" деген сез байыркы иран тилинде "жаңы жыл" дегенди түшүндүрот. Бул майрам Шамси жыл эсеби (күн календары) боюнча ар жылы 3-айдын 21-күнү еткөзүлчү. Ал эми бул майрам кыргыздардын салты боюнча асмандагы Токту жылдыз көрүнгөн күндүн экинчи күнү (айдын 22-күнү) белгиленчү. Анткени бул күн – байыркы Эне-Сай кыргыздарынын жыл эсеби боюнча 1-ай деп эсептелген "Бештин айынын" (жаңы айдын) 1-күнүнө туура келет. Нооруз майрамында ар түрдүү оюндарды көрсөтүшкөн. Эл Теңирге сыйынып, ар түрдүү ырым-жырымдарды жасап, жаны жылдан жакшылык тилешчү. Ошол кезде эле кыргыздар "көжө" деген тамак жасашкан. Аны даярдоонун эрежелерин эл ушул күнгө чейин сактап келди. Байыркы Кытай жазуу булактары ("Таң империясынын жаңы жылнаамасы", "Кыргыздар шежиреси") Эне-Сайлык кыргыздар түрк тилинде сүйлөшкөн тайпалардын ичинен эн. алды болуп туруктуу календарга ээ болгондугун билдирет. Кыргыздар жылдын башын баш ай деп атаган жана үч айды бир мезгил деп эсептеп, ар бир мезгилди жаз, жай, күз, кыш деген наамдар менен аташкан. Ар бир жыл 12 жаныбардын аттары менен аталган. Жылдын башы: куску (чычкан), андан кийинки жылдарга уй, барс (жолборс), ташкан (коён), элү (ажыдаар), жылан, конт (жылкы), кой, бичин (мечин, маймыл), тагынку (тоок), ит, лагзын (донуз) деп ат коюп кишилердин жашын кайсы жылда туулганы боюнча эсептешкен. Кыргыздар колдонуп келген айдын аттарынын көбү айбанаттардын аттары жана алардын төлдөө мезгилине туш келгени байкалат. Кыргыздар узак жылдар бою турмуштун тажрыйбаларына таянып, отуруп, 12 жылды айбанаттардын аттары менен белгилеп чыгышкан. Күндүн, айдын курулушу жана айдын жаңыдан туулушуна карап мезгилди билишкен. Алар доңуз жылы токчулук, жылан, жылкы жылдары каатчылык болорун белгилешкен. Байыркы кытай жазуу булактарына караганда Эне-Сай кыргыздары башка түрк тайпалары сыяктуу эле орток түрк тили менен сүйлөшкөн элдердин ичинен көркөм өнөргө өтө бай эл болгон. Алардын сыбызгы, зыңгырама, бандулу, доолбас, шынгыроо деген музыкалык аспаптары болгон. Мындан башка алардын элдик музыкасы, комузу коомдук турмушунда чон мааниге ээ болгон. Эне-Сай кыргыздарынын байыркы комузу карагайдан жасалган, ичке саптуу, сүйрү баштуу, кайкы моюндуу, үч кылдуу болуп, сабына мончок тагышкан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010