Эне-Сай кыргыздарынын маданияты
Эне-Сай кыргыздарынын маданияты - Орто Эне-Сайда, Эне-Сай кыргыздарынын мамлекетинин аймагында сонун ювилердик (зергер) буюмдарын иштеп чыгуунун ири борбору болгон. Бул табылган буюмдар өзүнүн тарыхый жана көркөмдүк мааниси боюнча жогору бааланат, алар атактуу кыргыз жоокерлеринин мүрзөлөрүнөн чыккан. Бул буюмдар мүрзөнүн ичиндеги атайын жасалган жашыруун чуңкурлардан чыккан. Копендик чаатасты казууда күмүш табакка коюлган төрт алтын идиш табылган. Идиштердин сыртында фантастикалык жаныбар – оозунда балык тиштеген жоруну сүрөттөө менен өсүмдүктөрдүн татаал чырмалышкан комбинациясындагы орнамент берилген. Жашырын чуңкурлардын башкаларында кооз алтын буюмдары – түрлүү жаныбарлардын: фантастикалык куштар, балыктар, жапайы каздар тартылган кемер курлар табылган. Кыргыздын мүрзөлөрүндөгү жашырын кенчтер алтын жана күмүш менен гана чектелбейт. Бул көркөм буюмдарда мергенчиликтин сценасын- илбирстерди, жапайы камандарды, эликтерди, ландарды жаа менен атып жаткан атчандардын чаап бара жаткан фигураларын көрсөткөн эң мыкты коло буюмдары да бар, таандык. Бул кенч 178 коло жана темир буюмдарынан турат. Түктят кенчинин буюмдары (136 буюм) ат жабдыктары-коло обоймасы, каңылтыр темирлер. Бул кенчте кол өнөрчүлүк инструменттери Миң-Өзөн ойдуңундагы Казыр дарыясынан белгилүү Түктят кенчи табылган, ал андагы табылган тыйынга караганда б.з. IX-X кк. табылгандыктан, ал бир эле мезгилде темир уста, куючу жана зергер болгон белгисиз кыргыз усталарынын жыйнап чогулткандары деп айтууга негиз бар. Түктят кенчинен табылган прикладдык искусство чыгармаларына эң эле окшоштор Саяндан ыраак-Тувада, Торо-Тал-Арты мүрзөлөрүн казганда табылган (бул табылга X-кылымдын башталышы – 840-ж. таандык). Эне-Сай кыргыздарынын искуствосу коңшу өлкөлөрдүн искусстволоруна ачык таасир тийгизген. Хакасиядагы Сулек тоосундагы аскага тартылган комплекстүү Эне-Сайлык кыргыздардын искуствосунун тарыхый маанидеги эстеликтеринин эң көрүнүктүүлөрүнүн бири болуп эсептелет. Мындагы петроглифтер Эне-Сайлык руникалык жазуулар жана тамга сыяктуу белгилер менен комбинацияланат. Сулек комплекси көп пландуулугу менен айырмаланып, мындай чындыкты көрсөтпөгөн сезим аткарылган мергенчилик сценасын, согуштук тууларды көтөргөн атчандар, төө кербени тартылгандарын көрөбүз. Дини жана сөөк коюу адаттары. Эне-Сай кыргыздары, Түштүк Сибир жана Алтайдагы башка уруулар жана түрк заманындагы элдер сыяктуу эле, шамандар болушкан. Арбакка курмандык чалуу ачык талаада өткөрүлүүчү деп билдирет бизге летопистин бирин-серин саптары. Кыргыздардын өлүк коюу ырым-жырымы жөнүндө Н. Я. Бичурин: "Өлүк көмүү учурунда беттерин тытышпайт, тек маркумдун денесин үч катар кылып оройт да, аза күтүп ыйлашат, андан соң табытты өрттөшүп, сөөктөрүн чогултуп бир жылдан кийин жерге көмүшөт", - деп жазган. Кыгыздардын көргө коюу адаттары анимистикалык ишенимдердин жана тиги дүйнөлүк турмушка ишеништеринин кеңири жайылгандыгын билдирет. Жоокерлердин өлүгү менен көп сандагы согуштук буюмдар гана кошо коюлбастан, эт-тамак аштары кошо коюлуучу. Көргө коюу адаттарынын өзгөчөлүгү боюнча Эне-Сай кыргыздары башка элдерден жана байыркы түрк мезгилиндеги этникалык топтордон ачык айырмаланган. Көргө коюу адаттары боюнча Эне-Сайлык кыргыздар өлүктү үч кабат ороп коюшат жана ыйлашат; андан кийин күйгүзүп, сөөгүн чогултуп, көмүшкөн. Жазуу маалыматтарындагы билдирүүлөр кыргыз мүрзөлөрүн казганда табылган адамдардын сөөгү дайыма калңцинироватң этилгенин башкача айтканда отко күйгүзүлгөндүгүн мыйзам ченемдүүлүгүн түшүндүрүү үчүн бир аз жол ачат. Кошо көмүлгөн темирден жасалган буюмдар – согуштук жана кооздук буюмдарынын көпчүлүгүндө күчтүү оттун тактары бар. Жаныбарлардын сөөктөрү болсо, эреже катары алар күйгүзүлбөгөн. Байыркы түрк көрстөндөрүн казууда мындай адаттар Минусин ойдуңунда жана Тувада табылган. Кыргыз мүрзөлөрүнөн баалуу буюм көп табылган. М; Борбордук тувада белгилүү жоокер Багырдын мүрзөсүнөн 150дөн ашык согуштук буюмдар, акт жабдыктарын кооздоочу буюмдар, анын ичинен Араб куфи жазуусу жана орнаменти бар дамаскалык (сирия) болоттон иштелген баалуу кылыч табылган. Кай бирде өтө көрүнүктүү кыргыз жоокерлеринин мүрзөсүнө коргон курганда, коргондордон алыс эмес мүрнзө аянтында төрт бурчтуу ичи тар жалпак таштардан тизилген таш мамылар коюлган, ал таш мамыларда эпитафия-тексттери түшүрүлгөн. Мындай эпитафиялар Тувада өтө көп табылган, андагы сөздөр белгилүү кыргыз жоокерлеринин жана кол башчылардын атынан жазылган. Эне-Сайдын оң жээгиндеги таш мамыларда кыргыздын белгилүү аттары – Багыр, Бүрү жана Кара-Яш жазылган. Ак сөөктөрдүн мүрзөсүн айланта таш менен көтөрүшүп, бийик кылып топурак менен үйүшкөн. Бул "чаа-тас" – "согуш ташы" деп аталган. Кыргыздар бутпарас динине сыйынышкан. Башка түрк элдериндей эле жубайлар – Теңир ата менен Умай эне башкы кудайлар болуп эсептелген. Перси тарыхчысы Гардизи кыргыздардын туткан динин өзгөчө ачык сыпаттайт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010