Энкаустика (грекче enkaustike enkaio – күйгүзөм) – мом живописи. Азыркы учурда аз колдонулган, чапташтыргыч зат катары момду негиз кылып алган живопись техникасынын бир түрү. Антик Э-сы мом живописинин бекемдиги боюнча эң мыкты ыкмасы болуп эсептелет; ал жылытылып алынган негизде боёкторду ысытып суюлтуу жолу менен металл аспаптын же кыл калемдин жардамы аркылуу живописти от менен иштеп чыгууну аяктайт. Бул техникага артыкчылыкты эң мыкты сапаттагы атайын даярдалып алынган мом берет; ал дээрлик мезгил жана нымдуулук таасирлерине көз каранды эмес, андан жарака кетпейт жана өзүнүн түсүн өзгөртпөй сактай алат. Анын негизги кемчилигин материалдын техникалык касиеттеринин температурага болгон көз карандылыгы түзөт. Антик Э-сынын материалы менен ыкмалары бизге аягына чейин белгилүү эмес. Мом живописинин ысык ыкмасы менен бирдикте анын катардагы живопись техникасына жакындашып кеткен муздак ыкмасы да бар. Бул учурда мом боёктору учуп кетүүчү эритиндилер менен аралаштырылат, ошондуктан бүт иш кыл калем менен аткарылат жана боёк катмарын ысытуу менен бүтөт, к. Фаюм портрети макаласын.

Колдонулган адабияттар түзөтүү