Энтелехия(грек тилинен келген entelecheia – жыйынтыктоо, аянтоо) – Аристотелдин философиясындагы термин. Предметтин толук ишке ашкан, жүзөгө ашырылган түрүндө болгондугун белгилейт. Предметтин потенциядагы, мүмкүндүктөгү абалынан айырмаланып, анын актуалдуу чындыгын ырастоочу түшүнүк. Аристотелдин неологизми. Аристотелдин түшүндүрүүсүндө «энергия» аракетти, мүмкүндүктөн чындыкка өтүүнү билдирет, ал эми «энтелехия» болсо ушул өтүүнүн акыркы натыйжасын туюнтат. Көпчүлүк учурда философ бул эки терминди синонимдер катары пайдаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү