Энтеровирустар (гр. enteron - ичеги) - ичегини жабыркатуучу вирустар.

Белгилүү вирустардан Энтеровирустар өтө кичинекейлиги менен айырмаланат. Энтеровирустардын түрү эң көп. Алар кишинин түрдүү жугуштуу ичеги-карын, дем алуу жолдорунун ооруларын козгойт. Көбүнчө тамак-аш, суу аркылуу жугат. Энтеровирустар ичке ичегиде топтолуп көбөйүп, аны сезгендирет. Тышкы чөйрөгө заң менен чыгат. Ал айрыкча балдарды жабыркатат. Энтеровирустар козгогон оорулардын белгилери жана жүрүшү түрдүүчө болот; кээде алар сасык тумоого же ангинага окшоп, кээде ич өткөк, пневмония ж. б. оорулардай өтөт.

Энтеровирустар козгоочу оорулардын ичинен эң жугуштуусу жана коркунучтуусу - полиомиелит. Энтеровирустардын көп түрү вирусология илимине али белгисиз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.