Энтимема– жетишпеген бөлүк-чөлөрү өзүнөн-өзү түшүнүктүү болуп, толук эмес, кыскартылып айтылган ой жүгүртүү, далилдөө, тыянак. Аристотель бул терминди ушул мааниде колдонгон. Пикирдешүүнү, ой алмашууну ылдамдатыш үчүн өзүнөн-өзү түшүнүктүү болуп турган нерсени атап отурбай «көңүлдө» калтырып коюш оң. Ушундай практиканы эске алып, Аристотель энтимеманы риторикалык силлогизм деп атаган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү