Эпиграф (гр. epigraphe - бир нерсенин бетиндеги жазуу) -

1) антикалык коомдо эстелик же имараттын бетине түшүрүлгөн жазуу;

2) автор тарабынан көркөм чыгарманын же анык бөлүгүнүн баш жагына берилген цитата, учкул сөз, макал.

Эпиграф чыгарманын негизги идеясын түшүндүрөт же ага белгилүү бир адамдын атынан мүнөздөмө берет. Эпиграф көбүнчө көркөм адабият, фольклор, кат ж. б-лардан алынат, кээде аны автор өзү да жаратат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4