Эпидиаскоп, эпидиапроектор - тунук жана тунук эмес объектилердин сүрөттөлөшүн экранга айкалыштырып проекциялоочу аппарат.

Мында эпипроектор менен диапроектор айкалыштырылат. Эки режимде иштөөчү эң жөнөкөй Эпидиаскоптун оптикалык схемасы (мында жарыктын бир эле булагы, б. а. кызытма лампадан турат); эпископ проекциясы ; диаскоп проекциясы . Эпископ проекциясында жарыктан сактоочу каптоочтон чыккан нурлар, сфералык күзгүнү жана жардамында тунук эмес объектини жарык кылат. Диффузиялык таркаган нурдун айрымдары күзгүдөн агылып, күчтүү проекциялык объективге түшөт. Муздатуу системасынын желдеткичи. Диаскоп проекциясында булактан чыккан нурду конденсаторго багыттап, күзгүнү четтетет. Акырында алкакка орнотулган диапозитивди бир калыпта жарык кылып, экранга проекциялануучу сүрөттөлүштү объективге нур менен багыттайт. Диаскоптук проекциялоодо диапозитивге багытталган жарык күчү начар проекциялык объективди колдонууда да экрандагы сүрөттөлүш жетишээрлик ачык болот. Эпископ проекциясында кубаттуу жарык булагы менен жарыгы күчтүү объективдер колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4